Улуттук банк кайрадан валюта рыногуна чыгып, бул жолу доллар сатты

Улуттук банк кайрадан валюта рыногуна чыгып, бул жолу доллар сатты.

 

Мекеменин сайтындагы маалыматка караганда, валюта рыногуна 6 млн 650 миң АКШ доллары сатылды. Муну менен банк март айынан бери базарга биринчи жолу доллар сатып жатат.

 

Жаңы жылдан бери өлкөнүн башкы каржы мекемеси базардан тогуз жолу доллар сатып алып, үч жолу сатты.