Улуттук банк сомдун наркын кармап туруу үчүн кезектеги ирет интервенция өткөрдү

Улуттук банк сомдун наркын кармап туруу үчүн кезектеги ирет интервенция өткөрдү.

Бул жолу валюта рыногуна 65 миллион 950 миң доллар сатылды. Бул быйылкы

жылдагы 15-интервенция. Муну менен ушул жылы жалпысынан дээрлик 699 миллион

доллар сатылды. Valuta.kg порталынын маалыматына ылайык, кечээкиге салыштырмалуу

банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда долларды сатып алуу төрт тыйынга

арзандап 84 сом 72 тыйынды түздү, ал эми сатуу мурдагыдай эле 84 сом 90 тыйын чегинде.