Унаа газын өлкөгө жеткирүү менен жаралган маселе 7-10 күндүн ичинде чечилет

Унаа газын өлкөгө жеткирүү менен жаралган маселе 7-10 күндүн ичинде чечилет. Бул тууралуу Мунай ташуучулар ассоациациясынын жетекчиси Канат Эшатов билдирди.

 

Анын айтымында, соңку мезгилде өлкө автогазды Россиядан сатып алууда. Аталган өлкөнүн темир жол цистерналары жетишсиз болуп жаткандыктан, газ жеткирүүдө кыйынчылыктар жаралды.

 

Учурда жүк Россия – Казакстан чек арасынан өтүп, Кыргызстанга келе жатат. Эске салсак, буга чейин Бишкектин май куюу станцияларында автогаз жок калганы боюнча маалымат тараган.

 

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.