Вебкам ишмердигин кылмыш катары караган мыйзам кабыл алынды

Жогорку Кеңештин депутаттары Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизип, вебкам ишмердигин кылмышка теңеп, аны уюштургандарды жоопкерчиликке тарткан мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.

 

Мыйзам долбоору Кыргызстандын аймагында вебкам-студиянын жардамы менен онлайн сойкулук жана ыпластыкты уюштуруу, аны уюштурууга кɵмɵктɵшүү сыяктуу укукка жат жосундарды криминалдаштыруу максатында иштелип чыккан.

Документке ылайык, вебкам бизнеси менен алектенгендерди бир жылдан үч жылга чейин эркинен ажыратуу же 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып пул салуу каралган.

 

Адамдар тобу уюштурса, мүлкүн конфискациялоо менен 300 миң сомго чейин айып пул төлөтүү же беш жылга чейин камакка алуу жазасын берүү сунушталган.

Вебкам ишмердигин уюшкан кылмыштуу топ уюштурса, мүлкүн конфискациялоо менен жети жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Нурбек Азыгалиев, Нурбек Сыдыгалиев, Элвира Сатыбалдиев, Гуля Кожокулова, Сүйүнбек Өмүрзаков, Чыңгыз Ажибаев, Жусупбек Коргонбай уулу, Динара Ашимова жана башкалар.