Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги биздин өлкөнүн жарандарына шенген визасын берип баштайт. Венгрияга жана Европанын башка мамлекеттерине баруу үчүн уруксат документтерин берүү октябрда старт алат, — деп билдиришти Тышкы иштер министрлигинен.
Күтүлгөндөй, бул кыргзстандыктарга виза алуу процедурасын кыйла жеңилдетет. Белгилеп кетсек, учурда республикада шенген визасын жеке компания гана берет.