Ысык-Көл облусунда коомдук коопсуздукту милиционерлер менен биргеликте элдик кошуундар камсыздап жатышат.
Аймактын ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, облустук милиция штаттык режимде иштеп жатат жана
кызматты күчөтүлгөн режимде өтөөдө. Башкармалыктан белгилешкендей, Ысык-Көл облусунда жеке менчик
объектилерди талап-тоноочулук катталды деген маалымат чындыкка дал келбейт.