Ысык-Көл облусунун Түп районунда жаңы мектеп пайдаланууга берилди.
Турмуш басылмасы билдиргендей, 150 орундуу билим берүү мекемеси
Карасаев айылында жайгашат. Имарат 2 кабаттуу жана анда окуу корпусу,
класстар, спорт залы бар. Курулуш иштерин жүргүзүүгө мамлекеттик
бюджеттин эсебинен 49 миллион сом бөлүнүп берилди.