Өзбекстан алтын казып алуу боюнча дүйнөдөгү алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кирди.
Forbes түзгөн рейтингде караганда, быйыл Өзбекстан алгачкы ирет 100 тоннадан ашык
алтын өндүрдү. Ал эми рейтингдин лидери Кытай, ал былтыр 368 тонна өндүрсө,
кийинки орунда Россия 331 тонна менен турат, үчүнчүдө Австралия 327 тонна менен
үчилтикти бекитти. Андан тышкары, алдыңкы ондукка АКШ, Канада,
Гана, Бразилия, Мексика жана Индонезия кирди.