Өзгөндө үч мамлекеттик «Эл Аман» дарыканасы ачылды

Оштун Өзгөн районунда үч мамлекеттик «Эл Аман» дарыканасы ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, дарыканалар Өзгөн, Мырза-Аке жана Куршаб жалпы дарыгерлик практика борборлорунда пайда болду. Мында 1 миң 500дөй дары-дармек бар. Калк аларды жеке дарыканаларга караганда 10-15%га арзан сатып алса болот.

 

Учурда республика боюнча мамлекеттик дарыканалардын саны 58ге жетти. Жалпысынан өлкө боюнча 100 аптека ачуу пландалууда.