Өзгөн райондук ооруканасында компьютердик томография борбору ачылды

Өзгөн районундагы Жалпы дарыгерлик практика борборунда мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында бешинчи компьютердик томография борбору ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

 

КТ борбордун имаратында жеке өнөктөш тарабынан капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, акыркы үлгүдөгү медициналык жабдуулар менен заманбап компьютердик томографиялык аппараты орнотулду.

 

Бул долбоордун алкагында 6 компьютердик томография борборун ишке киргизүү пландаштырылган, буга чейин Бишкек шаарында — Республикалык дарылоо-диагностикалык борборунда жана Бишкек шаардык тез жардам клиникалык ооруканасында, Балыкчы шаарынын жана Кадамжай районунун Жалпы дарыгерлик практика борборлорунда төрт ушундай борбор ишке киргизилген.

Эми бул долбоордун алкагында Токтогул районунун Жалпы дарыгерлик практика борборунда компьютердик томограф орнотулат.

 

Белгиленгендей, кызматтын баасы жеке клиникаларга караганда арзан болот. Инвестициянын көлөмү 5 млн долларды түздү, долбоор инвестордун катышуусу менен 15 жылга ишке ашырылат.