Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жаңы заманбап спорт зал ачылды.
Президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей,
Көк-Серек айылында орун алган спорттук мекеме айылдагы мектептин базасында
курулду. Иштерге районду өнүктүрүү фондунун эсебинен дээрлик 13 миллион сом жумшалды.