Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы көчөлөр ондолууда.
Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, иштер Көк-Таш айылында жүрүп жатат.
Жалпысынан 3 чакырым жолго асфальт төшөлөт. Тилкелер Орто-Суу, Көк-Таш жана
Жалгыз-Өрүк айылдарын аралап өтөт. Курулуш иштерине 11 миллион сом багытталат.
Каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилет.