Жалал-Абад шаарында жаңы жылдык кооздоо иштери башталды

Жалал-Абад шаарында жаңы жылдык кооздоо иштери башталды. Калаа мэриясынан билдиришкендей, борбордук аянтта бийиктиги 27 метрге жеткен балаты орнотулуп жатат.

 

Жаңы жылдык кооздоо иштерине жалпысынан 800 миң сомдон ашык бөлүнгөн. Бул суммага аянт жана борбордук көчөлөр көркөмдөлөт.