Жалал-Абад шаарынын Спутник кичирайонунда таза суу берүү убактылуу токтотулат

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичирайонунда таза суу берүү убактылуу токтотулат

Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-ноябрь күнү оңдоп-түзөө жумуштарына

байланыштуу саат 11:00дөн, 16:00гө чейин Спутник кичирайонунда

таза суу берүү убактылуу өчүрүлөт. Жалал-Абад шаардык мэриясы

жарандардан жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат.