Жалал-Абадда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Жалал-Абадда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жер алдындагы силкинүүлөр таңкы саат 5те болду.

 

Зилзала жер титирөө Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарында, Соку-Таш, Фрунзе, Бостон айылдарында, Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылында    4,5 балл, Арстанбап айылында 4 баллга чейин сезилди. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.