Жалпы республикалык тестирлөөдө алтын сертификаттарга 53 бүтүрүүчү ээ болду

Жалпы республикалык тестирлөөдө алтын сертификаттарга 53 бүтүрүүчү ээ болду. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, эң мыкты жыйынтык Алай районунун Кабылан-Көл айылынын орто мектебинин окуучусу Нурбек кызы Акмаралга таандык. Ал 229 упай топтоду.

 

Экинчи орунда Талас жана Ысык-Көлдүн бүтүрүүчүлөрү, мыкты бүтүрүүчүлөрдүн үчилтигин Кадамжай лицейинин окуучусу бекитет. Жалпысынан, ЖРТга быйыл 43 мин 245 окуучу катышкан.