Жалпы республикалык тестирлөөнүн босого баллы азырынча белгисиз

Жалпы республикалык тестирлөөнүн босого баллы азырынча белгисиз.

Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун адиси Чынара Батракеева билдирет.

Анын айтымында, бул ЖРТнын биринчи этабынын жыйынтыгы даяр болгондон кийин билим берүү министрлиги

тарабынан белгиленет. Эске салсак, босого балл – бул жогорку окуу жайына контракттык негизде

тапшыруу үчүн белгиленген эң төмөнкү балл. Өткөн жылы бүтүрүүчүлөр

негизги тесттен 110 ал эми предметтик тесттен 60 балл алышы керек болчу.