Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы 28-июндан 3-июлга чейин белгилүү болот

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы 28-июндан 3-июлга чейин белгилүү болот. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева билдирди.

 

Ал эске салгандай, быйыл кыргыз тили боюнча милдеттүү тест кошулду, андыктан, текшерүү адаттагыдан көбүрөөк убакытты талап кылат. Жалпысынан ЖРТга 50 миңден ашык абитуриент катышты. Алардын саны дагы өсүшү күтүлөт, анткени, бүгүн кеч тестирлөөгө каттоо башталды.