Кыргызстанда жергиликтүү шайлоодо имараттан тыш берилген жүздөгөн добуштар жокко чыгарылды. Бул тууралуу 15-апрелде “Азаттык” радиосуна Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жетекчисинин орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
Бирок, анын айтымында, мындай чечим шайлоонун жалпы жыйынтыгына таасир этпейт:
“Жалпы республика боюнча 15 участокто 461 добуш жокко чыгарылды. 15 участоктун алтоо Бишкекте. Шайлоонун жалпы жыйынтыгына бул таасир эте албайт”.
БШКнын маалыматына караганда, 10-14-апрелде шайлоочулардан, саясий партиялардан жана “Жалпы иш”, “Клооп медиа” уюмдарынан Бишкек боюнча 54 арыз-даттануу түшкөн. Алардын негизинде №№ 1023, 1028, 1029, 1036, 1309, 1311, 1312 шайлоо бекеттериндеги добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды.
Азыр Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы жогорудагы эки уюмдан жана «Айкөл Кыргызстан», «Реформа», «Ыйман Нуру», «Социал-демократтар», «Патриот» саясий партияларынан келип түшкөн 21 даттанууну териштирип жатат.
11-апрелде Кыргызстанда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланды. 28 шаарда шайлоого 59 партия катышты. Бишкекте 45 мандатка 25 партия ат салышып, алардын алтоо жети пайыздык чектен өтө алды.