Жарандары Кыргызстанга визасыз кире турган өлкөлөр тизмеси кеңейтилүүдө

Жарандары Кыргызстанда эки айга чейин визасыз жүрүүгө укуктуу чет мамлекеттердин тизмесине дагы тогуз өлкөнү кошуу тууралуу мыйзам долбоору бүгүн 15-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында талкууланды.

 

Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров алар Албания, Болгария, Вьетнам, Израил, Кипр, Түндүк Македония, Румыния, Таиланд жана Мексика экенин билдирип, бул өлкөлөр Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү максатында тандалганын жүйө келтирди.

Айрым депутаттар визасыз каттам маселесинде ошол чет өлкөлөрдүн экономикалык абалына көңүл буруу керектигин айтышты.

Депутат Төрөбай Зулпукаров «Экономикалык абалын, соода катнашыбызды эске алуу менен жеңилдик берилиш керек болчу. Алсак, Вьетнам өлкөсү менен алакабыз анчалык деңгээлде эмес» деди.

 

Депутат Махабат Мавлянова Албаниянын, Вьетнамдын ички дүң өнүмү төмөндүгүн белгилеп, ал жактан туристтер келерине ишеним аз экенин айтты жана “Туризмди өнүктүрөлү десек бай мамлекеттердин жарандарына жеңилдик берүүгө басым жасашыбыз зарыл» деп айтты.

Талкуудан соң мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

 

Тышкы иштер министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, жарандары Кыргызстанда 60 күнгө чейин визасыз жүрө ала турган өлкөлөрдүн тизмесинде азыр 67 өлкө бар. Ал эми кыргыз жарандары 26 мамлекетке визасыз кирип-чыга алат.