ЖК репрессия курмандыктарын актоо долбоорун кабыл алды

Жогорку Кеңеш советтик репрессия курмандыктарын актоо боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Документ 1918-1953-жылдары саясий жана диний ишеними, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтукка алынгандарды реабилитация кылуу үчүн жазылган.

 

Эске салсак, 1937-38-жылдары күч алган репрессияда Кыргызстандан 20 миңден 40 миңге чейин адам өлүм жазасына тартылганы ар кандай булактарда айтылып келет.

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.