Жыл аягына чейин Бишкекке 120 автобус келет.
Бул тууралуу калаа мэри Эмилбек Абыдкадыров билдирди.
Анын айтымында, транспортту сатып алууга шаардык бюджеттен 1 миллиард сом бөлүнгөн.
Мэр ишендиргендей, автобустар кытайлык компаниядан сатып алынып, акчасы төлөндү.
Эске салсак, буга чейин мэрия транспорттун ар биринин баасы тетиктери менен 91 миң долларды түзөрүн билдирген.