1-класстын окуучуларынын арасында коронавируска кабылгандар болгон жок

Сентябрдан тарта салттуу форматта билим алып жаткан 1-класстын окуучуларынын арасында коронавируска кабылгандар болгон жок. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үчөнбаевдин айтымында, бийлик буга катуу көзөмөл жүргүздү.

 

Абал жакшы болгондуктан, башка класстардын окуучуларына дагы мектепке келип билим алышына этап менен уруксат берүү пландалууда.

 

Эске салсак, 6-октябрдан тарта 2-класстан 6-класска чейинки окуучулар мектеп партасына кайтып келет. Бирок билим берүү жайлары Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан иштелип чыккан санитардык талаптар боюнча алгоритмди карманышы керек.