20 миң кыргызстандык кийинки жылы жаңы ишканаларга орношо алат

20 миң кыргызстандык кийинки жылы жаңы ишканаларга орношо алат. Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, 2022-жылы 80 жеке фирма мамлекет тарабынан колдоого ээ болду.

 

Алсак, жеңилдетилген шарттар менен насыялар берилип, продукцияны экспорттоого, өндүрүштү кеңейтүүгө, долбоорлорду түзүүгө колдоо көрсөтүлдү. Бул жаңы жумуш орундарын түзүп, жарандарды иш менен камсыздоо үчүн көрүлгөн чаралар.

 

Ведомстводон белгилешкендей, бул багытта иштер дагы уланат.