2020-жылдын октябрында Жогорку Кеңешке шайлоолорго катышкан партияларга күрөө акысы кайтарылмай болду

2020-жылдын октябрында Жогорку Кеңешке шайлоолорго катышкан партияларга күрөө акысы кайтарылмай болду. Бул тууралуу 24 агенттигине БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров билдирди.

 

Анын айтымында, парламент шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган учурда саясий уюмдарга күрөө акысын кайтарууга мүмкүнчүлүк берген мыйзамды кабыл алды.

 

Президент мыйзамга кол коюп, документ кабыл алынган соң, партияларга акчасы кайтарылат. Эске салсак, парламенттик шайлоолорго катышуу үчүн саясий уюмдар 5 миллион сомдон күрөө беришкен.

 

Бирок добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылып, партияларга акчасын кайтарып беришкен эмес.