Тынч океанга балык улоого кеткен адамдар 42 күндөн кийин  табылды

Тынч океанга балык улоого кеткен адамдар 42 күндөн кийин  табылды. 2-апрелде 3 балыкчы Ибай аралынан жөнөп кетишкен. Балык уулоо учурунда катуу шамал болуп, кайыктын мотору иштебей, багыт жоголгон. Алар кайтып келбегендиктен издөө иштери башталган. Жоголгон кишилердин кайыгы кечээ эртең менен Намолук аралынын жээгинен табылды. Балыкчылар… Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөө 180 тесттик борбордо уюштурулат

Жалпы республикалык тестирлөө 180 тесттик борбордо уюштурулат. Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, тестирлөө мекемелерде дезинфекциялоо иштери аяктагандан кийин өтөт. Мындан тышкары, социалдык аралык жана коопсуздук чаралары сакталат. Тестирлөөнүн биринчи этабы 21-22 июнда, экинчиси 24-25-июнда өтөт. Ал эми бүтүрүүчүлөр ЖРТнын жыйынтыгын… Кененирээк…

Джефф Безос дүйнөдөгү алгачкы долларлык триллионер болуп калышы мүмкүн

Джефф Безос дүйнөдөгү алгачкы долларлык триллионер болуп калышы мүмкүн. Бизнес изилдөөчүлөрдүн айтымында, «Amazon» компаниясынын негиздөөчүсү мындай көрсөткүчкө 2026-жылы жетет. Компаниянын кирешеси пандемия учурунда онлайн сатып алуулардан көбөйдү. Учурда Безостун байлыгы 144 миллиард долларга жетет. Андан кийин триллион долларлык чекке 2027-жылы кытайлык Сюй Цзяинь жетиши мүмкүн.… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарынындагы бала бакчага кошумча имарат салынууда

Жалал-Абад шаарынындагы бала бакчага кошумча имарат салынууда. Мэриянын маалыматында, Достук кичи шаарчасындагы номер алтынчы бакчанын кошумча корпусунун пайдубалы түптөлүп, курулуш иштери токтоп турган. 50 орундуу имараттын курулушу быйыл аяктайт. Долбоордун жалпы сумасы 11 жарым миллион сомду түзөт. Каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүндү.

Бишкектеги Кокчетавский көчөсү 1-июнда пайдаланууга берилет

Бишкектеги Кокчетавский көчөсү 1-июнда пайдаланууга берилет. Бул тууралуу вице-мэр Мирлан Амантуров билдирди. Анын айтымында, жакынкы күндөрү асфальттын экинчи катмары төшөлөт. Вице-мэр белгилегендей, тилке 10 жылга чейин жарактуу болот. Курулуштун жалпы суммасы 18 миллион сомду түздү.

Кыргызстандагы бардык мектепте акыркы коңгуроо салтанаты онлайн өтөт

Кыргызстандагы бардык мектепте акыркы коңгуроо салтанаты онлайн өтөт. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, учурда “Мен – бүтүрүүчүмүн” аталышында акция башталды. Бул жылы бүтүрүүчүлөрдү белгилүү адамдар, маданият өкүлдөрү, мектеп директорлору жана ата-энелер куттукташат. Бардык жарандарды акцияга кошулууга чакырабыз, —… Кененирээк…

Быйыл 1 миң 533 аял «Баатыр эне» жана «Эне даңкы» медалдары менен сыйланат

Быйыл 1 миң 533 аял «Баатыр эне» жана «Эне даңкы» медалдары менен сыйланат. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу өлкө башчы аппаратынын басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 1 миң 14 аял “Баатыр эне” жана 519 аял “Эне даңкы” медалдары менен сыйланат.  Кошумчаласак,… Кененирээк…

Бишкекке Түркиядан дагы 330 жаран кайтып келди

Бишкекке Түркиядан дагы 330 жаран кайтып келди. Стамбулдан келгендердин басымдуу бөлүгү дарылануудан кайткандар, жаш балалуу жана улгайган адамдар. Эске салсак, буга чейин 58 өлкөдөн 9 миңге жакын кыргызстандык мекенге кайтууга жардам сурап элчиликке кайрылган. Аларды кайтаруу иштери уланууда.

Өлкөдө кийинки айдан баштап бала бакчаларды ишке киргизүү пландалууда

Өлкөдө кийинки айдан баштап бала бакчаларды ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди. Анын айтымында, билим берүү мекемелеринин ачылышы эпидемиологиялык кырдаалга жараша кабыл алынат. Эске салсак, мектепке чейинки даярдоо мекемелери июнга чейин иштебейт деп айтылган болчу. Бул мамлекеттик жана менчик түрүнө карабай барына… Кененирээк…

Кыргызстанда 1-июлдан тартып ЖОЖдорго кабыл алуу башталат

Кыргызстанда 1-июлдан тартып ЖОЖдорго кабыл алуу башталат. Кеп, ЖРТнын жыйынтыгын жана сертификат талап кылбаган окуу жайлар тууралуу болуп жатат. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, ЖРТнын жыйынтыгы жок эле 33 адистик боюнча окууга кабыл алынат. Алар чыгармачылык багытында, ошондой… Кененирээк…