Улуттук коопсуздук концепциясы жактырылды

Бүгүн, 26-ноябрда, президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөнүн Улуттук коопсуздук концепциясы жактырылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Улуттук коопсуздук концепциясынын долбоорун тааныштырды. Айрым талкуулардан соң кеңештин мүчөлөрү документти бир добуштан колдоп беришкен. Жыйында сөз сүйлөгөн… Кененирээк…

Кыргызстанда кышкы туристтик сезон бүгүн расмий түрдө ачылат

Кыргызстанда кышкы туристтик сезон бүгүн расмий түрдө ачылат. Маданият министрлигинен билдиришкендей, ачылыш азем Каракол шаарындагы тоо-лыжа базасында уюштурулат. Анда кышкы эс алууну сүйүүчүлөр үчүн кызыктуу оюн-зооктор уюштурулат. Иш-чара жергиликтүү калкты жана чет элдик туристтерди кышкы туризмге активдүү тартууну, өлкөнүн кооз аймактарын пропагандалоо менен бирге дени… Кененирээк…

Бүгүн —  Кыргызстанда шайлоо алдындагы «Тынчтык күнү»

Бүгүн —  Кыргызстанда шайлоо алдындагы «Тынчтык күнү». Добуш берүүдөн 24 саат мурда же 27-ноябрь эртең мененки саат 8ден баштап талапкерлер үгүттөө кампаниясын жүргүзө алышпайт. Андан тышкары, БШКдан каттоодон өткөн теле, радио, интернет-сайттар, гезит-журналдар аркылуу үгүттөө материалдарын жарыялоого тыюу салынат. Ушундай эле максатта эл чогултууга дагы… Кененирээк…

Бүгүн Кыргызстанда парламенттик шайлоонун алдында мекемеден тышкары добуш берүү өтүп жатат

Бүгүн Кыргызстанда парламенттик шайлоонун алдында мекемеден тышкары добуш берүү өтүп жатат. Жогорку Кеңешти жана бирдиктүү шайлоо округдары боюнча добуш берүүгө катышууга 26 миң арыз келип түштү. майыптыгы бар жана жашы улгайган адамдар, шайлоо тилкесине келүүгө мүмкүнчүлүгү жоктор, алыскы аймактарда убактылуу жашагандар жана башка аймакта кызмат… Кененирээк…

Кыргызстанда 2022-жылдан тарта электр энергиясын өндүрүү көбөйтүлөт

Кыргызстанда 2022-жылдан тарта электр энергиясын өндүрүү көбөйтүлөт. Бул тууралуу Электр энергиядагы мамлекеттик саясат башкармалыгынын жетекчиси Айбек Айдаралиев билдирди. Анын айтымында, министрликтин натыйжа бере турган пландары бар. Алсак, энергиянын кайра жаралуучу булактары менен жылуулук электр станциялары боюнча көбөйтүлөт. Учурда бул жаатта сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, — деп… Кененирээк…

Кыргызстанда көмүрдүн баасы бир айда 8,4 пайызга кымбаттады

Кыргызстанда көмүрдүн баасы бир айда 8,4 пайызга кымбаттады. Учурда өлкөдө көмүрдүн бир тоннасы орточо эсеп менен 5 миң 600 сомго барабар. Кара отунга болгон эң жогорку баалар Ноокатта — тоннасы 10 миң сом, Баткенде – 9,5 миң  сом жана Исфанада – 8 миңден сатылууда. Муну… Кененирээк…

Бишкектин жашоочуларына турак жай жана имараттарды жылытуу үчүн тыюу салынган нерселерди отко жакпоо сунушталат

Бишкектин жашоочуларына турак жай жана имараттарды жылытуу үчүн тыюу салынган нерселерди отко жакпоо сунушталат. Муниципалитеттен эскертишкендей, талапка баш ийбегендерге мыйзам чегинде 7,5 миң сомдон 23 миң сомго чейин айып салынат. Тиешелүү иштер менен Санитардык-экологиялык инспекция алектенүүдө. Ордо каланын 4 району боюнча көзөмөл жүргүзүлөт.

Жаңы жылдан тартып аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн электр энергиясына болгон төлөмдөрү арзандайт

Жаңы жылдан тартып аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн электр энергиясына болгон төлөмдөрү арзандайт. Президент Садыр Жапаров коопсуздук кеңешинин жыйынында билдиргендей, 2022-жылдын 1-январынан баштап аталган категориядагы жарандар электр энергиясы үчүн 77 тыйындын ордуна 50 тыйындан төлөп калат. Калган 27 тыйын бюджеттин эсебинен жабылат. Муну менен 110 миңден… Кененирээк…

Айдоочуларга унааларды бак-дарактардын жана жеңил конструкциялардын алдына токтотпоо сунушталат

Айдоочуларга унааларды бак-дарактардын жана жеңил конструкциялардын алдына токтотпоо сунушталат. Мэриядан эскертишкендей, бактардын жана бутактардын кулаганына күбө болгондор 1840 жана 1850 чалуу борборуна билдирип койсо болот. Байланыш күнү-түнү жеткиликтүү.  

Кара-Балта шаарында дагы тарифтер 15 сом болот

Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында жол кире кымбаттагындан кийин, эми кезек Кара-Балта шаарында. Шаардык кеңеш тарифтерди көтөрүү боюнча жаңы чечим кабыл алды. Ага ылайык, Кара-Балта шаарынын ичинде каттаган маршруттук таксилерде пенсионерлер жана 5-класска чейинки окуучулар үчүн жол кире 10 сом болот. Калган жүргүнчүлөр 15 сомдон… Кененирээк…