БШК жергиликтүү кеңеш шайлоолоруна карата добуш берүүчүлөрдүн акыркы жыйынтыгын жарыялады. Комиссия маалыматына ылайык, шайлоого катышууга укуктуу адамдардын саны 157 миң 958ди түздү.
Добуш берүүчүлөрдүн аты-жөнү менен тизмелер 7-апрелге чейин 84 шайлоо тилкесинде илинет.
Эске салсак, 10-апрелде Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарында жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо өтөт.