1-августтан тарта бардык мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөт

Кыргызстанда 1-августтан тарта бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөт. Бул үчүн 10 миллиард сомго жакын каражат керектелет, — деди президент Садыр Жапаров. Ал апрель айынан баштап билим берүү, медицина жана маданият тармагында иштегендердин маянасы көтөрүлгөнүн эске салды. Жапаровдун айтымында, эмгек акыны жогорулатуу өлкөнүн жан… Кененирээк…

Кожошев ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри кызматына киришти

Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Евразиялык экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура министри кызматына киришти. Комиссиянын басма сөз кызматы билдиргендей, анын компетенциясына ЕАЭБде энергетика жана инфраструктураны өнүктүрүү кирет. Белгилеп кетсек, Кожошев бул кызматты дээрлик бир жыл аркалаган Темирбек Асанбековдун ордуна келди. Ал… Кененирээк…

Ысык-Көлдө Борбор Азия лидерлеринин жыйыны башталды

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү Консультативдик жолугушуусу башталды. Саммитке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын президенттери Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев, Эмамоли Рахмон жана Сердар Бердымухамедов катышууда. Иш-чаранын алкагында, беш мамлекет достукту, ынак коңшулаштыкты жана кызматташтыкты чыңдоого багытталган документтерге кол… Кененирээк…

Ысык-Көлдө бильярд боюнча дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды

Ысык-Көлдө кыз-келиндер жана эркектер арасында бильярддын эркин жана динамикалык пирамида түрү боюнча дүйнө чемпионаты өттү. Мелдеш 16-20-июлда Бактуу-Дөлөнөтү айылындагы “Газпром” комплексинде болду. Эркектер арасындагы жарыштын финалында Россиянын спортчусу Ливада Никита өзүнүн мекендеши Гузов Ростиславды 6:4 эсебинде утту. Коло медалды кыргызстандык Дастан Лепшаков жана Ызат Ратбеков… Кененирээк…

Канадалык аткаруучу Жастин Бибердин дүйнөлүк турнеси жанданат

Канадалык аткаруучу Жастин Бибердин дүйнөлүк турнеси жанданат. Артисттин жүзүнүн жарымы шал болуп калгандыгына байланыштуу токтотулган концерти Италиянын Лукка шаарында жайкы фестивалда улантылат. Август айында Бибер Европада беш концерт берет. Сентябрь айында ал Түштүк Америкада ырдайт. Андан ары концерттер Түштүк Африка, Австралия, Азия жана Жаңы Зеландияда… Кененирээк…

Каракол шаарында эки миң орундуу маданий борбор курулат

Каракол шаарында эки миң орундуу маданий борбор курулат. Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда борбордун долбоорун иштеп чыгуу боюнча жарыяланган сынакка келип түшкөн эскиздер талкууланууда. Маданий борбор Каракол шаарындагы Карасаев көчөсүнө курулуп, төрт гектар аянтты ээлейт. Анда бир гана концерттик же спорттук иш-чаралар өткөрүлбөстөн, ичинде… Кененирээк…

Өзгөндө 1-сентябрга карата 225 орундуу жаңы мектеп ачылат

Өзгөн районунун Большевик айылында 1-сентябрда 225 орундуу жаңы мектеп ачылат. Куруучулар учурда имараттын чатырын жаап, терезе блокторун орнотуп, электромонтаждоо ишин аякташты. Акыркы этапта, ички жасалгалоо иштери, ошондой эле жылуулук, суу менен камсыздоо, канализация жана тышкы тармактарды орнотуу жумуштары калды. Мындан тышкары, сырткы жасалгалоо иштери башталды.… Кененирээк…

Кыргызстандын аэропортторунда жүргүнчүлөрдү ташуу быйыл 42 пайызга көбөйдү

Кыргызстандын аэропортторунда жүргүнчүлөрдү ташуу биринчи жарым жылдыкта 2 миллион 200 миң адамдан ашты. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 42 пайызга көп, — деп билдирди “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы. Жүргүнчүлөрдү ташуунун эң чоң көлөмү, тагыраагы, бир жарым миллиондон ашыгы эл аралык авиакомпанияларга… Кененирээк…

Кыргызстанда мамлекеттик өнүктүрүү банкы түзүлөт

Жакын арада өлкөдө мамлекеттик өнүктүрүү банкы түзүлөт. Бул тууралуу каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди. Маалыматка ылайык, баштапкы капитал болжол менен 2 миллиард сомду түзөт, келечекте аны 8 миллиардга чейин жеткирүү пландалууда. Ал арада экономика министри Данияр Амангелдиев мамлекеттик өнүктүрүү банкын түзүү министрлер кабинетинин быйылкы жылдын… Кененирээк…

Тамчы – Чолпон-Ата унаа жолу бир саатка жабылат

Бүгүн Тамчы – Чолпон-Ата унаа жолу бир саатка жабылат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан такташкандай, унааларга эртең мененки саат 9дан 10го чейин чектөөлөр киргизилет. Эске салсак, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү Консультативдик жолугушуусу өтөт. Делегациянын жолдон өтүү маалында кароосуз калтырылган… Кененирээк…