Адилет Шадыканов Азия оюндарында карате боюнча күмүш медаль алды

Кыргызстандын карате-до боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Адилет Шадыканов Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында күмүш медаль алды.   Ал финалдык беттеште ирандык спортчу Саджад Ганжзаде менен кез келип, 2:4 эсебинде жеңилүү азасын тартты   Спортчу 84 кг жогоркулар арасында беттешип, алгач непалдык спортчуну 5:1… Кененирээк…

Айпери Медет кызы XIX Азия оюндарында алтын медаль утуп алды

Айпери Медет кызы Кытайда өтүп жаткан XIX Азия оюндарында алтын медаль утуп алды. Алтын үчүн беттеште ал казакстандык спортчу Жамиля Бакбергенова менен күч сынашып, 7:4 эсебинде жеңишке жетти.   Дагы бир балбан Нурзат Нуртаева күмүш медаль утту. Ал финалда кытайлык спортчу Фенг Чжоу менен беттешип,… Кененирээк…

Азия оюндары: Нурзат Нуртаева күмүш медаль утту

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Нурзат Нуртаева Азия оюндарында күмүш медалга татыды.   Финалдык беттеште Нуртаева кытайлык спортчу Фенг Чжоу менен кез келип, 2:13 эсебинде жеңилүү ызасын тартты.   Аталган мелдешке Нурзат Нуртаева 68 кг салмак ченинде, 4/1 финалдан тарта катышып, алгачкы… Кененирээк…

Айсулуу Тыныбекова XIX Азия оюндарында коло медаль алды

Айсулуу Тыныбекова XIX Азия оюндарында коло медаль алды. Коло үчүн беттеште ал казакстандык балбан Ирина Кузнецованы 2:1 эсебинде жеңди.   Эске салсак, Тыныбекова 2018-жылы Азия оюндарынын финалына чыгып, күмүш байге уткан.   Алтын байгенин ээси монголиялык балбан Орхон Пурэвдродждун канынан допинг чыкканына байланыштуу кийинчерээк Азия… Кененирээк…

Бишкекте имарат ээлери объекттин фасаддарын оңдоого милдеттендирилет

Бишкекте имарат ээлери объекттин фасаддарын оңдоого милдеттендирилет. Бул тууралуу калаа башчы Эмилбек Абдыкадыров билдирди.   Анын айтымында, учурда Манас проспектиси менен Байтик баатыр көчөлөрүндө оңдоо иштери башталган. Андан кийин жумуш Чүй проспектисинде башталат.   Мэр көчөлөрдө ар кандай дизайн коддору жана уруксат берилген түстөр ар… Кененирээк…

«Санарип көчмөн» макамы 2024-жылдын ортосуна чейин узартылды

«Санарип көчмөн» макамы 2024-жылдын ортосуна чейин узартылды. Тиешелүү токтом өкмөттүн сайтына жарыяланды. Аталган жобо өткөн жылы кабыл алынган жана мөөнөтү быйыл аяктамак.   Эске салсак, 2022-жылдын аягына чейин Кыргызстанда 600дөн ашуун чет элдик жаран «Санарип көчмөн» статусун алуу үчүн кайрылган. Алардын көбү текшерүүдөн өтүп, иштөөгө… Кененирээк…

Жети-Өгүздөгү ири өрт толугу менен өчүрүлдү

Жети-Өгүздө эмерек цехи жана эки дүкөндөн чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы ири өрттү өчүрүүдө беш бөлүм иштеди.   Тилсиз жоо болжол менен 1900 м² аянтты жалмаган.   Андан жабыркагандар жок. Учурда өрт кырсыгынын келип… Кененирээк…

Бишкек жана Чүйдө жолдор убактылуу жабылат

Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө 12-13-октябрь күндөрү унаа кыймылына маал-маалы менен чектөөлөр киргизилет.   Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, Манас аэропортунун жолу Бишкек шаарынын чегине чейин, Фучик көчөсү Чүй проспектисине чейин, Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн тарта чыгышты карай Манас проспектисине чейин, Манас… Кененирээк…

Нандын максималдуу баасы жакынкы үч күн ичинде белгиленет

Нандын максималдуу баасы жакынкы үч күн ичинде белгиленет. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын маалыматына караганда, Бишкек шаарында жалпысынан 220 наабайкана иштейт.   Баа күн сайын текшерилет. Мыйзам бузуулар болгон учурда чара көрүлөт.   Мекеме өлкөдө нандын баасын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенин эске салат. Бул алып… Кененирээк…

Догдуркүл Кендирбаева Билим берүү жана илим министри болуп дайындалды

Догдуркүл Кендирбаева Билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун анын басма сөз кызматы кабарлады.   Эске салсак, Догдуркүл Кендирбаеваны кызматка дайындоого Жогорку Кеңеш кечээ макулдук берген. Анын талапкерлигин каттоодон өткөн 75 депутаттын баары бир добуштан колдогон.