31-август Эгемендик майрамына карата иш-чарага Ала-Тоо аянтына көрүүчүлөр киргизилбейт

31-август Эгемендик майрамына карата иш-чарага Ала-Тоо аянтына көрүүчүлөр киргизилбейт.

 

Коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам ушундай чечим кабыл алынганын Маданият министрлигинен билдиришти.

 

Ала-Тоо аянтында иш-чара президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда болот. Бирок аянтка жарандар киргизилбей, мамлекеттик телеканалдарда онлайн көрсөтүлөт. Салтанат күндүз саат 10до башталып, расмий бөлүгү бир саатка созулат. Кече түнкү саат 10до салют менен жыйынтыкталат.