Кыргызстанда акыркы сутка ичинде 10 адам коронавирустан айыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, Бишкекте 6, Ош облусунда 4 адам ооруканадан чыгарылды. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан айыккандардын жалпы саны 745ке жетти.