Өлкө аймагындагы ооруканалар коронавируска каршы күрөшүү үчүн бир катар тендер жарыялашты. Мамлекеттик сатып алуулар порталында жазылгандай, Ош клиникалык ооруканасына 19 миллион сомго жабдуулар алынат.
Нарын райондук үй-бүлөлүк медицина борбору 11 миллион сомго дары-дармек, жеке коргонуучу каражаттарга буйрутма берди.
Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медицина борбору 2 миллион сомго коргоо каражаттарын алса, Ноокаттын ооруканасы 7 миллион сомго дары, реактив сатып алуу ниетинде.