Бактылуу өлкөлөр рейтингинде Кыргызстан 153 өлкөнүн ичинен 74-орунга жайгашты.
ЕАЭБ өлкөлөрү арасында бизден жогору 50-орунда Казакстан жана 73-сапта россиялыктар турат.
Беларусия 75, Армения 116 орунда. Бир жыл аралыгында Кыргызстан позициясын 12 тепкичке жогорулата алды.
Дүйнөдөгү өлкөлөрдүн бактылуулук боюнча рейтинги – бул эл аралык изилдөө долбоору.
Анда жашоо узактыгы, адамдын жарандык эркиндиги, коопсуздукту сезүү, үй-бүлө туруктуулугу,
ишеним жана коом арасындагы берешендик индекстери каралат. Рейтинг боюнча эң бактылуу адамдар
былтыркыдай эле Финляндия жашоочулары аталды. Ага катар дүйнөдөгү барынан бактысыз жарандар Зимбабве тургундары.