Россиянын 10го жакын шаарындагы кыргызстандыктар өлкөгө кайтып келишти.
Алар ЖОЖдордо билим алган студенттер, кош бойлуу жана жаш балалуу аялдар,
ошондой эле медициналык мекемелерге муктаж жарандар.
Мекендештер Новосибирск – Ош багыты боюнча жеткирилди.
Тышкы иштер министрлигинен белгилешкендей, чет өлкөдөгү кыргызстандыктарды
кайтарууга каттамдарды уюштуруу жана аларды издөө аракеттери тынымсыз уланууда.