Кыргызстанга Соль-Илецкиден 3 миң 415 мекендеш жеткирилди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өлкөгө кайтарылган жарандар үймө-үй жеткирилди.
Мекендештер эки этап менен автобуста алынып келинди. Эске салсак, буга чейин Россия-Казакстан
чек арасында өтө албай 3 миң 200 кыргызстандык кармалып калган. Андыктан,
чек аралар расмий түрдө ачылганга чейин жарандарга өз алдынча жолго чыкпай туруу сунушталат.