Кытайда коронавируска каршы вакцина алгандардын саны 1 миллиард 10 миллиондон ашты.
Учурда эмдөө 31 аймакта жүрүп жатат, — дешти Саламаттыкты сактоо министрлигинен.
Кытай жыл аягына чейин калктын 80 пайызын эмдөө ниетинде. Белгилеп кетсек, Кытай
COVIDге каршы өзү ойлоп тапкан 6-вакцинаны жактырды. Ал эми бидин өлкөгө жиберилген
Sinopharm препараты 3-вакцина катары каттоого алынды. Ошол эле учурда өлкөдө
3 жаштан жогорку балдарды дагы эмдөөгө уруксат берилди. Учурда дүйнө боюнча
18 жаштан өткөндөр гана вакцина ала алат.