17-июлга карата Бишкекте коронавируска чалдыккан жарандарды кабыл алуу үчүн даярдалган стационарлардагы бош орундардын саны 209. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады.
17-июлга карата Бишкектеги стационарларда бош орундардын тизмеси:
Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 2;
№2 клиникалык төрөт үйү — 12;
№1 шаардык клиникалык ооруканасы — 8;
Чүй облустук бириккен ооруканасы — 1;
Улуттук онкология жана гематология борбору — 2;
Улуттук госпитал: Көчмө оорукана — 6;
Республикалык наркология борбору — 32;
Аскер госпиталы — 5;
Курортология жана калыбына келтирүү институту — 57;
Улуттук госпитал: Нейрокорпус — 5;
Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейи — 34;
Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 45.