27-августтан тарта Россия Венгрия, Кыргызстан, Тажикстан жана Кипрге авиа каттамдардын санын көбөйтөт.
Бул тууралуу коронавирус боюнча абалды көзөмөлдөө штабынан билдиришти.
Маалым болгондой, жайдын соңунан тарта Кыргызстанга Москва-Бишкек багыты менен келсе болот.
Учактар буга чейин жумасына 3 ирет каттаса, эми каттамдардын саны 7ге жетет. Бишкек жана Ош шаарларына Новосибирск, Красноярск, Казань, Екатеринбург, Иркутск, Грозный шаарларынан учуп келүүгө мүмкүн.