Энергетика министрлиги 15-октябрдан тартып электр энергиясы жана жылуулук үчүн
белгиленген тарифтерди жарыялады. Министрлер кабинети бекиткен документке ылайык,
калк 700 кВт саатка чейинки электр энергиясы үчүн 77 тыйындан, андан ашса, 2 сом 16 тыйындан төлөйт.
Бийик тоолуу жана шарты катаал аймактарда жашагандар керектөөнүн көлөмүнө карабай,
77 тыйындан төлөйт. Мекеме-уюмдар, ишканалар, компаниялар үчүн тариф 1 сом 68 тыйындан
5 сом 4 тыйынга чейин бааланат. Ал эми жылуулук жана ысык суу үчүн калк учурдагы эле
баага ылайык төлөйт. Башка керектөөчүлөр үчүн 1 гигакалория 1 миң 802 сомдон туура келет.