«Чакан ГЭС» ишканасы Талас облусундагы Бала-Саруу ГЭСин куруу үчүн
Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан 23 миллион доллар алат. Тиешелүү чечимди
министрлер кабинети кабыл алды. Бала-Саруу ГЭСи — кубаттуулугу 25 мегаватты
түзгөн үч генераторлуу, орточо 92 миллион кВт-саат электр энергиясын
өндүрө турган чакан электр станциясы. Планга ылайык,
долбоор 2022-жылдын аягында жыйынтыкталат.