Баткен жана Лейлек райондорунда ипотекалык шартта бериле турган 49 үй курулат. Бул боюнча Мамлекеттик ипотекалык компаниясы, Баткен облустук курулуш жана инженердин инфраструктура башкармалыгы менен Ак-Сай айыл аймагы кол койду.
Турак жайлардын жери 12 сотыхтан болот. 20 турак үй Баткен районундагы Ак-Сай айыл аймагына, 29у Лейлектеги Кулунду айыл аймагына курулат.
Мамлекеттик ипотека 25 жылга 4 пайыз менен берилет. Бул үйлөрдү турак жайы жок, муктаж жарандар ала алат. Курулуш быйыл күзүндө башталып, 2024-жылы пайдаланууга берилет.