Айсулуу Тыныбекова XIX Азия оюндарында коло медаль алды. Коло үчүн беттеште ал казакстандык балбан Ирина Кузнецованы 2:1 эсебинде жеңди.
Эске салсак, Тыныбекова 2018-жылы Азия оюндарынын финалына чыгып, күмүш байге уткан.
Алтын байгенин ээси монголиялык балбан Орхон Пурэвдродждун канынан допинг чыкканына байланыштуу кийинчерээк Азия оюндарынын алтын байгеси Тыныбековага берилген.