Ош шаарында Өзбекстандын Башкы консулдугу ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Консулдук Өзбекстан менен экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну мындан ары өнүктүрүү, өлкөдөгү өзбек жарандарына ар тараптуу жардам берүү максатында ачылды.