Денис Петрашов экинчи ирет Азия чемпиону болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт демартаментинен билдиришти.
Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов Нью-Кларк шаарында (Филиппин) өтүп жаткан Азия чемпионатынын эки жолку чемпиону аталды.
Спортчу алгач 50 м аралыкка сүзүп 1-орунду ээлеген эле. Ошондой эле бүгүн, 29-февраль күнү 200 м аралыкты 2 мүнөт 12, 89 секундда сүзүп өтүп алтын медаль утуп алды.