Кыргызстанда пенсияга чыгуу курагын жогорулатуу пландалган жок. Бул тууралуу Соцфонддун башчысы Бактияр Алиев билдирди.
Анын айтымында, пенсия чегерүүнү баштоо жаш курагы өзгөрүүсүз калууда: аялдар үчүн – 58 жаш, эркектер үчүн – 63 жаштан тарта.
Кошумчалап кетсек, өлкөдө жалпысынан 780 миңден ашык пенсионер бар. Пенсиянын орточо өлчөмү 9 миң 118 сомду түзөт.