Мурдун сындырып алган Франция курамасынын чабуулчусу Килиан Мбаппе Европа чемпионатынын башка беттештерине катышпайт. Эл аралык басылмалар жазышкандай, футболчу Австрия менен биринчи оюнда жараат алган.
Жолугушуу Франциянын пайдасына 1:0 эсебинде жыйынтыкталды. Алгач Мбаппенин мурдуна операция талап кылынары айтылган. Адистер белгилешкендей, Мбаппе плей-офф бөлүгүнүң оюндарына гана келе алышы мүмкүн, бирок атайын коргоочу беткап кийиши керек болот.