Бишкекте ушул айдагы ысыктын эң жогорку чеги келерки жуманын аягында күтүлүүдө.
Синоптиктердин маалыматына караганда, 25-июндан баштап термометрлер күндүз 36 градустан төмөн түшпөйт. 29-30-июнда түнкүсүн +27, күндүз 40 градус ысык болушу күтүлөт.
Эске салсак, Бишкек шаарында жайдын биринчи айынын эң ысык күнү 2005-жылдын 23-июнунда болгон. Анда термометр дээрлик 41 градуска чейин көтөрүлгөн.