Кубанычбек Бөкөнтаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Улуттук банктын төрагасы кызматынан кетет. Бул тууралуу өлкөнүн башкы каржы мекемесинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Эске салсак, Бөкөнтаев бул кызматты 2021-жылдын сентябрынан бери аркалап келген.
Кубанычбек Бөкөнтаев 1992-жылы эмгек жолун Улуттук банктын Валюталык башкармалыгында экономист кызматынан баштаган. 1998-2002-жылдары коммерциялык банктарда иштесе, андан кийин “Кыргызстандын банк кабарчысы”, “Банкир”, “Экономика. Банктар. Бизнес” аттуу гезит-журналдарда жетекчилик кызматтарды аркалаган.