Салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп Нургүл Салиева дайындалды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 24-июнда кол койгон. Ал буга чейин «Салык сервис» мамлекеттик мекемесинин директору болчу.
Эске салсак, Салык кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Адилет Дубанаев коррупцияга шектелип УКМК тарабынан 21-июнда кармалган.